Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Президент өзү мага ишенди." Сууда сүзүүчү Владислав Шулико Садыр Жапаровдон жарым миллион сом алды (фото)

Президент Ысык-Көлдү алыс аралыкка сүзгөн спортчу менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-сентябрда, кыргызстандык суучул, спорт чебери Владислав Шулико менен жолугушту.

Жылуу баарлашуу жүрүшүндө Мамлекет башчысы Ысык-Көлдү узунунан 181 чакырым сүзүп өтүп, дүйнөлүк рекорд койгон Владислав Шуликонун эрдигин дагы бир жолу белгиледи.

«Кандай гана кыйынчылык болбосун өзүңө ишенүү жана максатыңа жетүү керектигин өз мисалыңда көрсөттүң. Буга чейин мындай эч ким кылган эмес. Бүт өлкө сенин сүзгөнүңдү байкап жана абдан кабатырланып атты», - деди Садыр Жапаров.

Ал бул сүзүп өтүү Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына белек болгонун белгиледи. Муну менен Владислав Шулико өсүп келаткан муунга жакшы үлгү көрсөтүүдө.

Аны менен катар Президент Владислав Шуликонун жетишкендиги жөнүндө Гиннестин рекорддор китебине билдирме берүү үчүн каражаттын жетишсиздигине байланыштуу кыйынчылыктардан кабардар экенин билдирди.

Садыр Жапаров мамлекет өз тарабынан активдүү жаштарды колдоого алып жана спорттук жетишкендиктерге дем берүүгө милдеттүү экенин белгиледи. Буга байланыштуу Президент өзүнүн фондунан Владислав Шуликого 500 миң сом бөлдү.

Өз кезегинде, суучул Владислав Шулико Мамлекет башчысына моралдык жана материалдык колдоосу үчүн чын дилинен ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, ага максатына жетүүсүнө Кыргызстанды дүйнө жүзүнө таанытууга болгон каалоосу шыктандырган.

«Мен өз алдыма ушундай татаал тапшырма, максат коюп жана аны ишке ашырарыма өзүм анчалык ишенген жокмун. Бирок, сүзүп баштагандан кийин мен токтоно албай, өзүмө рекорд коем деп сөз бердим. Анткени Президент өзү мага ишенди, бүт өлкө мага ишенип, күтүп атты. Биздин эл өтө ынтымактуу», - деп белгилеген спортчу, дагы бир жолу бардык кыргызстандыктарга ага ишенгени үчүн ыраазычылык билдирди.

 

Жолугушуу соңунда Мамлекет башчысы Владислав Шуликого бекем ден соолук жана жаңы спорттук жетишкендиктерди каалады.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх