Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан Sinovac вакцинасынын 150 миң дозасын алды

Гуманитардык жардам Түркия менен түзүлгөн келишимдин алкагында келди

Бүгүн, 9 -сентябрда, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу келишимдин алкагында, өлкөгө гуманитардык жардамдын негизинде 150 миң доза (75 миң адам) өлчөмүндөгү Sinovac вакцинасы тапшырылды.

Жүктү өткөрүп берүү аземине Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Түркия Республикасынын элчиси Ахмет Садык Доган катышты.

Министр өз сөзүндө Түркия өкмөтүнө иммунизациялоого жана Кыргызстандын калкынын ден соолугун жакшыртууга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Бул вакцина 18 жашка чыккандан кийин бардык каалоочуларга эмделет. 1-жана 2-дозалардын ортосундагы аралык 2-4 жума болушу керек.

Sinovac-CoronaVac вакцинасы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан COVID-19нын алдын алуу үчүн чукул колдонуу үчүн тизмеленген жана ДСУнун Иммунизациялоо боюнча эксперттик консультативдик тобу (SAGE) тарабынан каралып чыккан. Изилдөөнүн жүрүшүндө вакцинанын эффективдүүлүгү аныкталган, ал эл аралык коопсуздук стандарттарына, өндүрүштүн эффективдүүлүгүнө жооп берет. Вакцина Пекиндеги Sinovac фармацевтикалык компаниясы тарабынан чыгарылган.

COVID-19га каршы эмдөө маанилүү, анткени ал:

• сизди COVID-19 чакыруучу вирусту жуктурганда олуттуу оорудан коргойт жана инфекциянын коркунучун кыйла төмөндөтөт;

• COVID-19дан улам ооруканага жаткырууну жана өлүмдү азайтуу менен пандемия менен күрөшүүгө жардам берүү;

• бийлик органдарына жашоону камсыз кылуучу негизги кызматтардын, анын ичинде медициналык кызматтардын үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылууга жардам берет.

Маалымат үчүн:

Sinovac-CoronaVac-инактивацияланган вакцина.

Вакцина ийнинин булчуңуна ийне аркылуу берилет. Вакцинанын бир дозасы (0,5 мл) төмөнкүлөрдү камтыйт:

• активдештирилген SARS-CoV-2 вирусу (штамм CZ02) (активдүү зат). Вакцинада COVID-19 козгоочу тирүү вирус жок;

• алюминий гидроксиди (адъювант);

• ошондой эле төмөнкү активдүү кошумча заттар: натрий фосфаты, натрий дигидроген фосфаты, натрий хлориди суусу.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх