Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектик спортчулар Сербияда алтын алышты

Нурболот Сыргабай уулу менен Сабит Шамшединов 15 жашка чейинки мектеп окуучулары арасында дүйнө чемпиону болушту

«ISF U 15 World School Sport Games» дүйнөлүк спорттук оюндары Белградда (Сербия) 12 -сентябрдан 14 -сентябрга чейин өттү.

Дене тарбия жана спорт башкармалыгына караштуу Бишкек шаарынын Свердлов районунун Санатбаев атындагы спорт мектебинин спортчулары Нурболот Сыргабай уулу менен Сабит Шамшединов 15 жашка чейинки мектеп окуучулары арасында дүйнө чемпиону болушуп, эки алтын медалга ээ болушту.

Дене тарбия жана спорт бөлүмүнө караштуу Ленин районунун спорт мектебинин жана Свердлов районунун Р.Санатбаев атындагы спорт мектебинин окуучулары грек-рим күрөшү боюнча байгелүү орундарга ээ болушту:

- Данияров Салман, 52 кг - алтын;
- Жакыпбеков Бакыт, 75 кг - күмүш;
- Акылбек уулу Эржан, 62 кг - коло.

Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх