Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров - Валентина Шевченко: Биз баарыбыз сиздердин жетишкендиктериңиздер менен сыймыктанабыз

Президент UFC чемпионун башка титулдук коргоосу менен телефон аркылуу куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-сентябрда, телефондук сүйлөшүү учурунда, эң жеңил салмак категориясындагы чемпион Валентина Шевченкону Парадайс шаарында өткөн (АКШ) UFC 266 аралаш таймаш боюнча беттештеги кезектеги жеңиши жана чемпиондук наамын коргоосу менен куттуктады.

Мамлекет башчысы АКШ өкүлү Лорен Мёрфини ишенимдүү жеңген атамекендик спортчунун эң жогорку чеберчилигин, духунун күчтүүлүгүн жана мүнөзүнүн бекемдигин жогору баалады.

«Жалпы кыргыз элинин жана өзүмдүн атымдан ийгиликтүү жеңишиңиз менен куттуктообузду кабыл алыңыз. Биз баарыбыз Сиздин жетишкендиктериңиз менен сыймыктанабыз. Сиз абройлуу эл аралык турнирлерде Кыргызстандын намысын коргоп жатасыз. Алдыда дагы чоң ийгиликтер жана жаңы жеңиштер күтүп турганына ишенем», - деп белгилеген Президент Садыр Жапаров Валентина Шевченкого бекем ден соолук жана бакубат жашоо каалады.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх