Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ички иштер министрлиги "кадрлар кызматын" куттуктады

Кыргызстанда ИИМ Кадр кызматынын түзүлгөн күнү белгиленүүдө

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгында кесиптик майрамын салтанаттуу белгилешти.
Кадрдык түзүмдүк бөлүтөрдүн аталыштары көп өзгөрүүлөр жүргүзүлгөндүгүнө карабастан, «кадрлар» - деген сөз колдонуудан чыкпайт, ал тескерисинче, кесиптин маани-мазмуунун чагылдырып турат. Ал өзүнүн тарыхын 1918-жылдын 12-октябрында, РСФСРдин Юстиция элдик комиссариаты “Советтик жумушчу-дыйкандардын милициясын уюштуруу боюнча Нускаманы” бекиткенден тартып, анда Ички иштер министрлигинде биринчи кадрдык бөлүмдөрүн түзүүнү камтыган.
Жалпы россиялык аткаруу комитетинин 1925-жылдын 28-сентябрындагы Декретинин негизинде “Жумушчу-дыйкандар милициясында кызмат өтөө жөнүндө” Жобосу бекитилген. Ал Жободо жумушчу-дыйкандар милициясынын кызматкерлеринин укуктары жана милдеттери, кызматка кабыл алынуусу, өтөөсү жана бошотулуусу бекитилген. Буга байланыштуу, 28-сентябрь Ички иштер министрлигинин буйругу менен кадрлар кызматынын түзүлгөн күнүн деп аныкталган.


Ички иштер органдарынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн өздүк курамын түзүү, толуктоо, кесиптик даярдоо, билим берүү мекемелери менен тарбия иштерин, кызматкерлерди жана ардагерлерди социалдык коргоо - ушул жана башка көптөгөн маселелерди өздүк курам менен иштөө бөлүмдөрүнүн кызматкерлери чечип келет.
Салтанаттуу иш-чарада Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков катышып, кадр түзүмдүк бөлүтөрүнүн кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, өздүк курам менен иштөө бөлүктөрүнүн ишмердүүлүгүнүн абдан маанилүү болгондугун баса белгиледи.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх