Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эртең Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт

"Бишкексууканал" башкармалыгынын маалыматы боюнча,  12 -октябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин шаардын айрым райондорунда таза суу болбойт.

Бул "Гагарин", "Түштүк-Батыш" суу алуучу жайларында жана шаардык суу түтүктөрүндө техникалык тейлөө жана оңдоо иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу.

Жунусалиев, Чайков, Айни, Лев Толстой, Садырбаев, Космическая, Жумушчу шаарчасы, Айыл чарба институту, "Ак Өргө", "Ак Ордо" жаңы конуштары (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк бөлүгү), Теңир Тоо (Ахунбаев көчөсүнөн төмөн) чектешкен аймакта таза суу өчүрүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана калкты жана уюмдарды ичүүчү сууну камдап алууну суранат.

Бишкек мэриясы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх