Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда "Халал эт паркын" ачуу пландалууда

"Долбоор кошумча наркы бар эт азыктарын экспорттоого мүмкүнчүлүк берет"

Кыргызстанда "Халал эт паркын" ачууну пландап жатат. Vesti.kgге маалыматты экономика жана каржы министринин орун басары Эльдар Алишеров тастыктады.

Анын айтымында, Кыргыз-Малайзия корпорациясынын консорциумунун өкүлдөрү менен долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу боюнча келишим түзүлгөн.

 "Долбоор Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат", - деди Алишеров. - Келишимдин суммасы 390 690 доллар. Кыргыз тарап долбоордун бюджетине 30 миң бөлгөн. Эт азыктарын экспорттоого даярдануу үчүн кластердик негизде адал парк курула турган жер аныкталат. Келерки жылы "Халал эт паркы" даяр болот деп ишенебиз.

Министрдин орун басары ошондой эле бул долбоор кошумча наркы жогору болгон эт азыктарын экспорттоого мүмкүндүк берерин түшүндүрдү.

Канышай Балкыбекова
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх