Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сузакта 66 адам тойго барып ууланышкан

Болжол менен жеген  эттен ууланышкан

Сузакта массалык уулануу болду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

- Биринчи оорулуулар 11 -октябрда Сузак районунун Жалпы медициналык практика борборуна кайрылышкан, - деп билдиришти Саламаттыкты сактоо министрлигинен. - Жалпысынан 66 адам кайрылган, алтоо ооруканага жаткырылган. Алардын үчөө балдар.

Департамент учурда уулангандардын абалы канааттандырарлык экенин белгиледи.

- Оорулуулардын көп болгонуна байланыштуу, биз кыдырып кароону чечтик, - деп белгиледи КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы. - Биз бул айылдын 69 үйүнө барып, 300дөн ашык тургундардан текшерүү жүргүздүк.

Алдын ала диагноз тамактан уулануу экени белгиленди. Болжолдуу түрдө эттен уулануу. Лабораториялык изилдөө жүргүзүлүүдө.


Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх