Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эмне үчүн 210 жаңы автобустун 90 гана жаңы линиясы бар? Бишкек мэриясынын жообу

Негизги көйгөй квалификациялуу айдоочулардын жоктугу болду

Бишкек шаарынын мэриясы Кактус  интернет-басылмасына чыккан 210 автобус тууралуу төмөнкүлөрдү билдирет.

Борбор калаага келген 210 автобус "Эко жүргүнчүлөрдү ташуу" ЖЧКсынын менчиги, алар өзүңүздөр билгендей, Бишкекке Өзбекстандан алынып келинген. Мэрия жогоруда көрсөтүлгөн компанияга жеке ташуучу катары кызмат көрсөтүү үчүн муниципалдык каттамдарды аутсорсингге берди. Ошол эле учурда "Эко Пассажир Транспорт" ЖЧКсы ушул жылдын аягына чейин 350 даана транспорттук каражат жеткирүүнү  пландап жатат.

210 автобус тоугу менен каттамга кире албай жатканынын себеби,  жарандарыбызды коопсуз жана ыңгайлуу ташый турган квалификациялуу айдоочулардын жоктугу. Бул  негизги көйгөй болуп саналат. Учурда компания адистешкен айдоочуларды тартуу боюнча чараларды көрүп жатат.

Маалымат булагы майда -чүйдөсүнө чейин жетиштүү көңүл бурбаганы жана жаңылык материалында маалыматты манипуляциялоонун белгилерин көрсөткөнү кызыктай көрүнөт. "Бишкек жүргүнчүлөр ташуучу автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасынан күйүүчү жана майлоочу майларды жеткирүү боюнча карыздардын болушу "Эко жүргүнчүлөрдү ташуу" ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен эч кандай байланышы жок, албетте, жеке компанияга   тиешелүү  автобустардын чыгуусуна же келбей калышына таасир эте албайт.

Ошол эле учурда, "Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы" "Газинтер Сервис" компаниясына  чындап карызы бар экенин билдиребиз. Бирок, ишкана буга чейин аталган компания менен газ үчүн төлөмдөрдүн графигин макулдашкан жана бул багытта иштер уланууда.
 
Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх