Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Миллион рубль утуп ал!" Кыргызстандык айым Россиядагы мыкты кондитер ашпозчу деп табылды (видео)

Анара Мырзакулова "Золотой венчик" наамын алды

Кыргызстандык кондитер Анара Мырзакулова Орусиянын Жума каналында көрсөтүлгөн "Кондитер" теледолбоорунун бешинчи сезонун жеңип алды.

Супер финал үчүн финалисттерге бийиктиги кеминде бир метр жана салмагы 10 килограмм болгон торт жасоо суралган. Жалпысынан тапшырмага 10 саат бөлүнгөн.

Андан кийин калыстар тобунун мүчөсү Ренат Агзамов финалисттерге тапшырманы татаалдаштырууну чечти. Ал катышуучуларды чүчүкулак аркылуу кошумча ингредиенти бар кутуну тандоого чакырды. Анара бир куту васабиге ээ болду. Ал буга чейин бул ингредиент менен торт даярдап көрбөгөнүн  белгиледи.

Жыйынтыгында Кыргызстандан кондитер ашпозчу миллион рубль утуп, "Золотой венчик" наамын алды жана Россиянын мыкты кондитер ашпозчусу наамынын ээси болду.



Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх