Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Империя пиццасында" уулангандардын саны 85 адамга жетти

Учурда эпидемиологиялык иликтөө жүрүп жатат

Бүгүн эртең менен темир жол ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө тамак-аштан ууланып, медициналык жардам сурап 85 адам кайрылган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Стационардык дарыланууну бир бейтап алат, абалы туруктуу. Калгандары биринчи жардам көрсөткөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Эпидемиологиялык иликтөөнүн жүрүшүндө жабырлануучулар шаардын ар кайсы бөлүгүндө жайгашкан кафелердин биринен тамак жешкени аныкталган.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунын адистери эпидемиологиялык иликтөөнү улантууда.

Буга чейин сөз борбордогу «Пицца империясы» мекемеси тууралуу болуп жатканы белгиленген. Анын Instagram баракчасында иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди. Алар экспертизадан кийин расмий жооп берерин белгилешти.


Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх