Тамактан ууланган 118 адам Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ооруканаларына кайрылган
Саат 14:30 да Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымат
Бүгүн түнкү саат 02:30 га карата Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун саламаттыкты сактоо уюмуна медициналык жардам сурап кайрылгандардын жалпы саны 118 адам болгон.
Темир жол ооруканасына 98 адам келди; Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасына 13 адам; Чүй облустук бириккен ооруканасына - 2 адам жабыркаган; Жайыл районунун Жалпы медициналык практика борборуна - 5 жабырлануучу.
Алардын ичинен стационардык дарылануу: темир жол ооруканасында - 10 адам, шаардык балдар ооруканасында - 13 бала. Дарыгерлер анын абалын туруктуу деп баалашууда. Калган жабырлануучулар медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин жашаган жери боюнча амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору
Сүрөт www