Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Империя пиццасынын" тамак-ашына уулангандардын саны 300дөн ашты

Жабыркагандардын арасында 40 бала бар

"Империя пиццасынан" тамак-аштан уулангандардын саны 318 адамга жетти. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Алардын арасында 40 бала бар. Бишкектин темир жол ооруканасында 17, Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасында 9, Улуттук госпиталда 17 бейтап дарыланууда. Алардын абалы туруктуу.

Эскерте кетсек, 24-октябрда " Империя пиццы" кафесинде 12 адамдын  ууланганы белгилүү болгон. Кийинки күндөрү уулангандардын саны өсө баштады. Андан кийин борбор калаада Пицца империясынын бардык филиалдары убактылуу жабылган. Аталган мекемеге 30 миң 500 сом айып салынган.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх