Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мээрим Жуманазарова Москвада өтө турган супер турнирде орусиялык спортчу менен күч сынашат

Кыргызстандын чемпиону 68 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашат

Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча Москва Гран-Приси - АЛРОСА кубогунун супер турниринде орусиялык Ханум Валиева менен беттешет. Бул тууралуу КРнын Күрөш федерациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, мелдеш 3-декабрда Москва шаарында өтөт.

Жолугушуулар грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү, ошондой эле грэпплинг боюнча өтөт.

Мээрим Жуманазарова 68 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашат.

Мушташ Москва шаарындагы «Динамо» спорт паркынын борборунда жайгашкан «ВТБ Арена Парк» долбооруна кирген «Академия» залында өтөөрүн Федерация билдирди.

Эске салсак, Жуманазарова Ослодо (Норвегия) өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынган. Финалдык беттеште ал япониялык спортчу Рин Мияжиди мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх