Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте жылуулук жана ысык суу убактылуу өчүрүлөт

Ошондой эле Осмонкул жана Древесной көчөлөрүнүн кесилишинде «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы жаратылыш газын берүүнү убактылуу токтотту

Осмонкул жана Древесный көчөлөрүнүн кесилишиндеги  жер алдындагы газ түтүктөрүндөгү аварияны жоюуга байланыштуу  "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы жаратылыш газын берүүнү убактылуу токтотот.                                                

Буга байланыштуу“Бишкекжылуулукэнерго”коммуналдык ишканасы 2021-жылдын 15-19-ноябрына чейин жылуулук жана ысык сууну жабууга мажбур.

“Красный строитель”  конушунун Дачный №23 көчөсүндөгү  дарек боюнча жайгашкан №21 мектеп-интернат отканасы өчүрүлөт.

Жеринде "Газпром Кыргызстан" ЖЧКнын оңдоо бригадасы жана бардык керектүү техникалары иш алып барууда.
Урматтуу шаардыктар! Келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз. "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы оңдоо иштерин аяктары менен дароо жылуулук энергиясын берүүнү кайра жандандырабыз.

Бишкек мэриясы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх