Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Оштогу жол кырсыгынан жети адам каза болду

Окуя болгон жерге ӨКМ башчысынын орун басары барды

Бишкек-Ош унаа жолунун Кара-Суу районундагы 661-чакырымында КамАЗ, Mercedes-Benz Sprinter жана Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктан 7 адам (3 эркек, 4 аял) каза болуп, 6 адам Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө, 3 бала балдар ооруканасына жаткырылды (аты-жөнү такталууда. ), - деп билдирди министрлик.

Окуя болгон жерге Кара-Суу районунун 3 куткаруучусу тартылган.

Учурда кырсык болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов, ошондой эле ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынын башчысы Нурдин Шаматов иш алып барууда.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх