Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттыкты сактоо министрлиги: COVID-19га каршы эмдөө калктын 46% биринчи дозасы менен, 37% экинчи дозасы менен камсыздалган

Бишкек "сары зонада", калган аймактардын баары "жашыл зонада"

16-ноябрга карата республика боюнча биринчи дозасы менен калктын 46%, экинчи дозасы менен калктын 37%ы коронавирустук инфекцияга каршы эмдөөдөн өткөн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 8-ноябрга карата эпидемиологиялык абалды баалоо матрицасына ылайык Бишкек шаары “кызыл зонага”, Чүй, Ысык-Көл, Талас облустары “сары зонага”, Нарын облусу жана түштүк аймагы 8-ноябрга карата жашыл зонага кирген.

Бирок 15-ноябрга карата борбор калаа “кызыл зонадан” “сарыга” өтүп, калган аймактардын баары жалпысынан “жашыл зонага” кирди. Жүргүзүлүп жаткан эмдөө кампаниясы эпидемиологиялык абалды жакшыртууга оң таасирин тийгизүүдө.

Буга чейин маалымдалгандай, 2021-жылдын 12-ноябрында Кыргыз Республикасына Sputnik-Light вакцинасынын 200 000 дозасы келген.

Калкты COVID-19га каршы эмдөө менен максималдуу камтууга жетишүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги жарандардын жаңы категорияларын: 16-18 жаштагы өспүрүмдөрдү, кош бойлуу жана бала эмизген аялдарды эмдөөнү чечти.

Бүгүндөн тарта кыргызстандыктар Бишкектеги бардык убактылуу эмдөө борборлорунан коронавирус инфекциясына каршы вакцинанын үчүнчү дозасын алаары такталды. Калган аймактар ​​үчүн үчүнчү (кошумча) доза бир жуманын ичинде жеткиликтүү болот.

Ким кошумча (үчүнчү) дозасын ала алат:

- орточо жана оор иммундук жетишсиздиги бар адамдар;

- мурда Sinopharm, Sinovac жана башка инактивдештирилген вакциналарды алган 60 жана андан улуу жаштагы адамдар;

- коронавирус инфекциясын жугузуу жана жугуу коркунучу өтө жогору болгон медициналык кызматкерлер;

- COVID-19 менен ооруган адамдар (анын ичинде мурда эмделгендер).

Кошумча доза биринчи үч категориядагы жарандарга алгачкы эмдөө сериясын алгандан кийин алты айдан эрте эмес сунушталышы мүмкүн. COVID-19 менен ооругандар - айыккандан кийин кеминде бир ай.
Сезондук сасык тумоого, В вирустук гепатитине каршы активдештирилген вакциналарды жети күндүк интервал менен COVID-19га каршы вакциналар менен колдонууга болот.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх