Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Индиядагы көргөзмөгө Кыргызстандын айыл чарба продукциялары жана кол өнөрчүлүк буюмдары коюлду

Бал, кургатылган жемиштер, кийизден жасалган буюмдар жана жибек жоолуктар Кыргызстандын павильонуна келгендердин өзгөчө суроо-талабына ээ

14-ноябрдан 27-ноябрга чейин Нью-Делиде 40-Индия Эл аралык соода жарманкеси-2021 (IITF) өтүүдө.
 
Көргөзмөгө Кыргызстандын Индиядагы элчилиги Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын, ошондой эле ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн кол өнөрчүлүгүн тартуулады.
 
Кыргызстандын павильонуна келгендердин арасында бал жана кургатылган жемиштер, кийизден жасалган буюмдар жана жибек жоолуктар өзгөчө суроо-талапка ээ.
 
Көргөзмөнүн уюштуруучулары менен келерки жылы IITF-2022 көргөзмөсүндөгү кыргыз павильонун кеңейтүү боюнча келишим түзүлдү.
 
14-ноябрда көргөзмөнүн расмий ачылыш аземине Индиянын соода жана өнөр жай министри Пиюш Гоял башкы конок катары катышты.
 
Өз сөзүндө индиялык министр белгилегендей, 40-Индия Эл аралык соода жарманкеси (IIFT) Индияда олуттуу экономикалык калыбына келтирүүгө күбө болуп жатат жана бул жолу IIFT 2019-жылы уюштурулган көргөзмөдөн үч эсе көп.
 
Бул жылы көргөзмөгө кичи жана орто бизнестин 3000ге жакын өкүлдөрү, ошондой эле тогуз чет мамлекеттен, анын ичинде Кыргыз Республикасынан ишкерлер катышууда. Чет элдик катышуучулар - Афганистан, Бангладеш, Бахрейн, Непал, Шри-Ланка, БАЭ, Тунис жана Түркиядан.
 
IITF Индиянын Сооданы илгерилетүү уюму ITPO тарабынан Нью-Делиде уюштурулган жылдык иш-чара болуп саналат. Бул B2B жана B2C компоненттерин камтыган ири интеграцияланган соода жарманкеси. Бир катар мамлекеттик уюмдар бул аянтчаны коомчулукка өздөрүнүн программалары жана саясаты тууралуу маалымат таратуу үчүн колдонушат. Бул иш-чарага Индиянын федералдык екметунун дээрлик бардык штаттары жана союздук территориялары катышууда.

ТИМдин маалымат кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх