Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткенде мал сарай малы менен күйүп кетти

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда

Түн ортосунда Кадамжай районунун Малый Айдаркен айылында сарай күйүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, өрттүн кесепетинен жалпы аянты 120 чарчы метр бастырма, 6 баш бодо мал жана 300 түк чөп күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө эки өрт өчүрүү бригадасы тартылган.

Жалын толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх