Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жаңы-жылдык Бишкекти окшош стилде жасалгалоону каалашат

Мэрия бизнес коомчулукка кайрылып, шаардын бирдиктүү дизайнын колдоого чакырат

Борбор калаада жаңы жылдык майрамдарга шаарды жасалгалоо боюнча даярдык иштери кызуу жүрүп жатат: өлкөнүн башкы балатысы орнотулуп, кеңселер  жана имараттар кооздолот.

Эскерте кетсек, бул жылы жаңы жылдык жасалгалоо айдентиги иштелип чыккан. Фирмалык стиль борбордун жаны жылдык дизайнынын негизи болмокчу. Декабрь айынын ортосуна чейин имараттар жана коомдук жайлар жаңы гид боюнча кооздолот. Фирмалык стилди даярдоого дизайнер Нурбек Насыранбеков башында турган I - media креативдүү бюросу жооптуу. Концепциянын негизин улуттук оймо-чиймелер, кар жана фейерверк түзөт.

Жаңы жылдык жасалгалоо - бул жакшы маанай тартуулоонун бирден бири, майрамдык сыйкырды күтүү. Бишкек шаарынын мэриясы шаардын бизнес-коомчулугуна кайрылып, шаардын бирдиктүү дизайнын колдоого чакырып, коммерциялык жайлар дагы коомдук жайларга кошулуусун өтүнөт. Жалпы стилдин элементтери шаарга майрамдык образды бириктирүүгө мүмкүндүк берет. Стилдин негизги элементтери жүктөө үчүн  жеткиликтүү. Алардын жардамы менен шаардын бизнес ээлери кафелердин жана дүкөндөрдүн терезелерин өз алдынча кооздоп, ошондой эле өз кызматтарынын ар кандай категорияларын жасалгалай алышат.


Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх