Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык Анарбек Ишенбаев күрөш боюнча Азия жана Океания чемпионатында алтын тагынды (фото)

Турнир Ливанда өттү. Жалпысынан 126 спортчу катышты

Борбор калаадагы спорттук мектептин тарбиялануучусу Анарбек Ишенбаев күрөш боюнча Азия жана Океания чемпионатында алтын байгеге ээ болду.



Эл аралык мелдеш ушул жылдын 2-декабрынан 6-декабрына чейин Бейрут шаарында (Ливан) өттү.

Ал өспүрүмдөр арасында 90 кг салмакта күч сынашкан. Жалпысынан 12 өлкөдөн 126 спортчу катышты.

Ал Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын  АБӨРСМнин  спорттук күрөш боюнча тарбиялануучусу.

Борбор калаанын мэриясы спортчуну жеңиши менен куттуктап, албан  ийгиликтерди каалайт.

Бишкек мэриясы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх