Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эмне үчүн Бишкектин көчөлөрүн жарыктандыруу күндүзү күйүп турат?

Борбор калаанын мэриясы айрым жарандарды кызыктырган суроого жооп берди

Бишкек шаарынын мэриясы эмне үчүн шаарда көчөлөрдү жарыктандыруу кээде күндүз да иштей турганын түшүндүрдү.

«Сырткы жарыктандыруу профилактикалык иштер жүргүзүлүп жатканына байланыштуу күндүз да иштейт», - деп билдиришти муниципалитеттен. - Көчөлөрдү жарыктандыруунун электр менен камсыздоо тармагы белгилүү бир зонада чыңалууну берүүнү же алып салууну камсыз кылбайт. Андыктан, жарык бир убакта бир нече көчөдө күйүп, ал эми «Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери күйүп кеткен лампаларды алмаштырып, контакттык байланыштарды текшерүүдөн өткөрүүдө. ».

Урматтуу жарандар! Бишкек мэриясы шаардын көйгөйлөрүнө кыраакылыгыңыз жана кызыгууңуз үчүн ыраазычылык билдирет!  Көчөңүздө капыстан лампаларды алмаштыруу керек болсо, ишкананын шашылыш диспетчердик кызматына кайрылыңыз: 0312 46-30-89 жана 0312 57-63-51 WhatsApp 0777 902-115 (күнү-түнү).

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх