Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда “Аял аялды колдойт” акциясы жүрүп жатат

Бүгүн “Аял-аял аялды колдойт” өнөктүгү “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоого лидер аялдардын катышуусу: жыйынтыктар жана алынган сабактар” аттуу шайлоодон кийинки жолугушуунун алкагында башталды.

«Бүгүнкү иш-чара аял-талапкерлер үчүн КР Жогорку Кеңешине шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштери канчалык натыйжалуу болгонун, алар кандай тажрыйбаларды башынан өткөрүшкөнүн, кандай жетишкендиктерге жетишкенин билүү үчүн өткөрүлүүдө. Шайлоодон кийинки жолугушууда катышуучулар шайлоо процессинин бардык этаптарын басып өтүшүп, процессти жакшыртуу боюнча өз сунуштарын, аялдардын лидерлигин көтөрүү боюнча ой-пикирлерин айтышты. “Аялдар аялды колдойт” өнөктүгү Кыргызстандагы аялдардын лидерлигин кеңейтүүнүн жалпы процессинин абдан маанилүү элементи болуп саналат”, - дейт шайлоо боюнча эксперт, “Жарандык платформа” КФнын жетекчиси Айнура Усупбекова.

Кыргызстандагы БУУнун Аялдар уюмунун программалык директору Сагипа Жусаева шайлоону кайра карап чыгуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Биз шайлоону аялдардын саясий лидерлигин жогорулатуунун этаптарынын бири катары гана карайбыз. Ар кандай процесстин этаптарынын ортосунда токтоп, артка кылчайып, кайра ой жүгүртүп, андан ары карай жылыш керек. Лидерлер – бул башкалардан бир кадам алдыда турган, лидерлик кылган адамдар. Шайлоонун жыйынтыгы кандай болбосун, лидер-аялдар өлкөнү сактап калуучу жаратман күч болуп саналат», - деди ал.

Шайлоодон кийинки жолугушуу 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан БУУнун Аялдар уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликте уюштурулду.

Катышуучулар - жергиликтүү кеңештердин аял-депутаттары, эксперттер жана КР ЖК депутаттарын өткөн шайлоолорго катышкан аялдар, өткөн шайлоо өнөктүгүнүн тажрыйбасын талдап, мүмкүнчүлүктөрдү, жетишкендиктерди, кыйынчылыктарды, алынган сабактарды жана келечекке болгон пландарды талкуулашты. .

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх