Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда көмүрдүн баасы 8 пайызга арзандады

Баанын төмөндөшү Исфана, Баткен, Ноокат жана Таласта катталган

Декабрда көмүрдүн чекене баасы өткөн айга салыштырмалуу республика боюнча орто эсеп менен тоннасына 5211,8 сомду түзүп, 8,2 пайызга төмөндөгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен кабарлашты.

Төмөндөө Исфанада (тоннасы 2 270,8 сомго), Баткенде (2 120,1 сомго), Ноокатта (1 654,1 сомго) жана Таласта (1 620,3 сомго) катталганы такталды.

Мында минималдуу чекене баа Чаек айылында (тоннасына 3000 сом), ошондой эле Балыкчыда (4000 сом), Нарында (4450 сом) байкалган. Мында көмүрдүн эң жогорку баасы Ноокат (тоннасы 7764 сом), Баткен (7599 сом), Кербен (7251 сом) жана Кара-Сууда (7000 сом) катталган.

Маалым болгондой, министрлер кабинетинин токтому менен жергиликтүү өндүрүлгөн көмүргө бааны убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген.

Көмүрдү арзандатылган баада сатуучу соода түйүндөрү Жалал-Абад (тоннасы 4 миң сом) жана Ноокат (5 миң сом) шаарларында катталган.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх