Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек троллейбустарында айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн беткаптарын текшерет (фото)

Борбор калаада эпидемиологиялык абалдын курчушуна байланыштуу рейддер күчөтүлдү

Бишкектин коомдук транспортунда эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу рейддер күчөдү.

Бишкек троллейбус башкармалыгынын адистери жүргүнчүлөр менен айдоочулар беткап коюу режимин кандай аткарып жатканын текшерүүдө. Анда режимди бузгандардын саны өскөндүгү байкалып, алар менен санитардык-эпидемиологиялык нормалардын сакталышы боюнча сурамжылоо жүргүзүлдү.


Ал эми санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактабаган айдоочуларга протокол түзүшкөн.

Урматтуу жүргүнчүлөр! Эскерте кетсек, коомдук транспортто маска режими милдеттүү түрдө. Белгиленген санитардык-эпидемиологиялык нормаларды жана талаптарды мындан ары да сактоону суранабыз: беткап кийиңиз, аралыкты сактаңыз, антисептик колдонуңуз жана бөлмөнү тез-тез желдетиңиз. Ошондой эле бардыгын вакцинаны алууга чакырабыз. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз!

Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх