Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чүй облусунун ИИББсы аялдын сөөгүн буюмдарына карап кимдигин аныктоону суранат (фото)

Ал кийимсиз болгон, сөөктүн жанынан аялдардын спорттук шымы, күрмөсү жана байпактары табылган

2021-жылдын 29-ноябрында Ново-Покровка - Сары Жон айылынан 2 чакырым алыстыктагы арыктан (зомбулуктун белгилери жок) аялдын сөөгү табылган.

Болжол менен 45-55 жашта, ал кийимсиз болгон жана өлүктүн жанынан кара түстөгү аялдардын спорттук шымы, кара түстөгү аялдардын свитери, жуп ачык көк байпак (трикотаж) табылган.

Аталган факты Ысык-Ата районунун ИИБнын КЖБРге  КР Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренесинин (коркунучта калтыруу) негизинде катталган.

Белгилери: чачы агарган кыска, дене түзүлүшүнүн узундугу 160-165 см, курсагында тырыгы бар.
     


Милиция кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө 0 (509) 19-11-90, 0 (312) телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.
61-69-07, 0(708) 10-81-10.

Бул тууралуу Чүй облустук ИИББнын басма сөз кызматы билдирди
Чүй облустук ИИББнын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх