Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте жылдын мыктыларына "ONE MAGAZINE AWARDS 2021" сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү

Абройлуу "#One Magazine" ушуну менен алтынчы жолу өлкөдөгү эң ийгиликтүү инсандар жана компанияларды тандады

Бишкекте One Magazine бизнес басылмасынын версиясы боюнча 2021-жылдын Кыргызстандагы эң ийгиликтүү инсандар, бизнес долбоорлор жана компаниялар тандалды. Иш-чара өткөн ишемби күнү борбор калаадагы Sheraton мейманканасында болуп өттү. Белгилей кетсек,  #ONE MAGAZINE AWARDS сыйлыгы ушуну менен алтынчы жолу өткөрүлүп, жылдан жылга кадыр-баркын жоготпой, тескерисинче бекемдеп келүүдө.

Иш-чараны журналдын башкы редактору Аида Долотбакова ачып, жылдын мыктыларын тандоо үчүн алар кесипкөй жана ар тараптуу инсандарды чогултуп, алардын пикирин алышканын, ал эми жеңүүчүлөрдү эл 20 күн бою Фейсбук социалдык тармагы аркылуу добуш берүү жолу менен тандаганын белгилеп өттү.

"Биз номинанттарды аныктоо үчүн ар кандай тармактагы абройлуу инсандарды чакырып, атайын кеңеш түздүк. Алар тарабынан сунушталган талапкерлер биздин номинациялар боюнча номинанттар катары каралды. Мындай ыкма талапкерлерди, андан кийин номинанттарды аныктоо үчүн эң эле таза жана айкын жол болот деп ишендик. Бүгүнкү сыйлыкка эң татыктуу инсандар жана компаниялар тадыды деп ишеничтүү айта алам, - деди ал. 

Бул жылы #ONE MAGAZINE AWARDS сыйлыгында Кыргызстандын эң мыкты компаниялары жана бизнес, IT, чыгармачылык, кайрымдуулук боюнча жигердүү жетишкендиктерде жетишкен инсандар 18 номинацияда көрсөтүлгөн. 

Сыйлоо аземи биринчи "Урпактардын таазими" номинациясы менен башталды. Бул номинацияда жеңүүчү деп маркум залкар кыргыз режиссеру Болот Шамшиев табылып, сыйлыкты залкар Чынгыз Айтматовдун дээрлик бардык чыгармаларын тасмага түшүргөн легендарлуу инсандын уулу Чынгыз Шамшиев алды.  Чынгыз Шамшиев атасы тууралуу учкай сөз сүйлөп, ал "Мага жараткан жолумда Айтматовду кезиктирип, колума өмүрүмдөгү лотереялык билетти сунган экен" деп айтканын эскере кетти.

Айта кетчү нерсе, бардык номинаттар ар кандай категориялар боюнча көрсөтүлгөн. Мисалы, "Жылдын жүзү" номинациясы боюнча басылманын "Өзгөчө ракурс" түрмөгүнүн башкы каармандары болуп, журналдын биринчи бетине чыккан  инсандар көрсөтүлгөн. 2021-жылдын "Жыл жүзү" болуп PreventAge эл аралык интегралдык превентивдик жана жашка каршы медициналык инситутунун кыргызстандагы өкүлүчүлүгүн ачкан дарыгер Канышай Салиева табылган. Жарандардын өмүрүн узартып, ден соолугун ооруга чалдыкканда эмес, алдын ала бекемдөө боюнча адистешкен Канышай Салиева сыйлыкты алып жатып "Мен ар бир жарандын дагы, дарыгердин дагы жүрөгүнө жетким келет. Менин максатым - адамдар өз ден соолугуна эртеден кам көрүп, ал эми дарыгерлер первентивдик медицина боюнча жетиштүү билимге ээ болуусу" экенин белгиледи.

"Жылдын бизнеси" категориясында номинанттар өлкөнүн экономикасына кошкон салымы, компаниянын тез өнүгүүсү сыяктуу сапаттар менен тандалса , бул жылы "Жылдын инфлюенсери" номинациясы дагы көрсөтүлүп, анда коомчулук арасында социалдык тармактар ж.б аркылуу өз таасирдүүлүгү менен айырмаланган инсандар сыйлыкка арзыган. Белгилей кетсек, бул номинацияда "Не сахар" долбоорунун автору, Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Эрулан Кокулов табылды.

Жалпысынан, бардык категориялар боюнча ийгиликтүүлүк, популярдуулук жана өлкө үчүн таасирдүүлүгү негизги басым болгон.

Номинациялар боюнча жеңүүчүлөр:

"Урпактардын таазими" - Болот Шамшиев

Жылдын Инфлюенсери -Эрулан Кокулов

Жылдын IT долбоору - Попутка.кг тиркемеси

Жылдын банкы - Оптима банк

Жылдын бизнеси (Эл аралык) - 2 ГИС

Жылдын бизнеси (жергиликтүү) - Куликовский

Жылдын бизнес айымы- Асель Атабекова, Айымдардын ассоциациялар лигасы

Жылдын бизнесмени - Мирлан Акжигитов, "Роял Констракшн" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү

Жылдын клиникасы - Бикард

Жылдын жүзү - Канышай Салиева

Жылдын менеджери - Садыкахунов Эльер, "Абдыш -Ата" компаниясынын менеджери

Жылдын меценаты - "Элим барсыңбы" кайрымдуулук фонду

Жылдын спортчусу - Айсулуу Тыныбекова

Жылдын жаңырыгы (инсан)- Валентина Шевченко

Жылдын жаңырыгы (бизнес долбоор) - "Не сахар" долбоору

Жылдын ресторатору - "Облако 53" кафеси

Жылдын курулуш компаниясы - "Роял Констракшн"

 

Камила Аляева

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх