Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда бензин дагы 4 сомго кымбатташы мүмкүн

Нефтетрейдерлер дизель майынын кымбатташын айтышууда

Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатов жакынкы айларда бензин менен дизелдик отундун баасы көтөрүлүшү мүмкүн экенин эскертет. Бул тууралуу ал бүгүн маалымат жыйынында билдирди.

«Божомолдор боюнча, бензиндин баасы 4 сомго, ал эми дизель майы 6 сомго кымбатташы мүмкүн, бул Орусияда күйүүчү-майлоочу майдын сатуу баасынын жогорулашына байланыштуу. Азырынча Казакстандан күйүүчү майды ташып келүү мүмкүн эмес, анткени коңшу мамлекетте мунай продуктуларын экспорттоого тыюу салынган», - деп түшүндүрдү ал.

Эшатовдун айтымында, күйүүчү-майлоочу майдын кымбатташы дүйнөлүк процесстерге байланыштуу. Мисалы, блокада учурунда мунай өндүрүүнүн кыскарышы, мунайдын акцияларынын баасынын өсүшү жана башкалар.

Ассоциациянын башчысы үстүбүздөгү жылдын январь айында орусиялык нефтини кайра иштетүүчү заводдор бензиндин тоннасын 110 долларга, дизель майынын тоннасын 130 долларга кымбаттатканын белгиледи.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх