Бишкекте токтоп калган лифттерден 45 жаран эвакуацияланды
Эч кимге медициналык жардам керек эмес. Ошол эле учурда такалып калган адамдардын так саны белгисиз
“Бишкекгорлифт” муниципалдык ишканасына жарандардан лифтте камалып калган адамдар боюнча 45 кайрылуу түшкөн.
Бардык жарандар лифттерден тез арада эвакуацияланды. Эч кимге медициналык жардам керек эмес.
Бирок бардык эле лифттер «Бишкекгорлифт» ишканасынын балансында болбогондуктан, такалып калгандардын так саны белгисиз.
Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз