Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө милиция мыйзамсыз бак кыйган эки жаранды кармады

Тянь-Шань карагайларын жергиликтүү тургундар өзүм билемдик менен кыйып салышкан

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери тарабынан токой көчөттөрүн мыйзамсыз кыюунун алдын алуу жана аныктоо боюнча комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Ошентип, 24-январь күнү милицияга Жети-Өгүз пансионатынын тургуну үйүнүн короосундагы бактарды мыйзамсыз кыйганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул маалыматты текшерүү учурунда 51 жаштагы жергиликтүү тургун А.К.нын үйүнүн короосунан. Ар биринин узундугу 5-5,5 метр келген 16 кыйылган Тянь-Шань пихтасы табылган. Үй ээси текшерүү учурунда милиция кызматкерлерине кыйылган бактарга тиешелүү уруксат кагаздарын бере алган эмес.

Ушул эле күнү Жети-Өгүз токой чарбасынын аймагынан туристтик-экологиялык милициянын дагы бир кызматкерлеринин тобу Кургак-Айрык айылынын 39 жаштагы тургуну Т.Б.нын башкаруусундагы Мерседес-, Спринтер үлгүсүндөгү унааларды токтотушкан. Унаанын салонунан 7 даана өлчөмүндө жаңы кесилген Тянь-Шань карагайлары тиешелүү уруксат документтери жок табылган.

Ачылган фактылар боюнча материалдар юридикалык баа берүү үчүн Жети-Өгүз районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ИИББнын басма сөз кызматы билдирди
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх