Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

БЧКда дайынсыз жоголгон 69 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды

Сөөк туугандарына өткөрүлүп берилди

Бир күн мурун БЧКдан мурда дайынсыз болуп жаткан 69 жаштагы аялдын жансыз денеси табылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 23-январь күнү Аламүдүн районундагы «Мурас-Ордо» турак жай массивинин тургуну 69 жаштагы А.А., үйүнөн чыгып кетип, дайынсыз болуп кеткен.

24-январда Калыс-Ордо конушундагы айланма жолдогу БЧК көпүрөсүнүн астынан дайынсыз жоголгон жарандын жеке буюмдары табылган. Ошол күндөн бери издөө иштери жүрүп, бирок натыйжа болгон эмес.

Белгиленгендей, бир күн мурун издөө иштеринин натыйжасында аялдын жансыз денеси табылган.

Куткаруучулар аны суудан чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришкен.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх