Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Токмокто бир адам башкалардын батирлерин үй ээлерине билгизбей сатып жүргөн (фото)

Жаран өзүн мүлктүн ээси катары көрсөтүп акча алган

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Токмок шаарынын ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылыкка шектелип Чүй облусунун 44 жаштагы  тургуну Ж.М.ны кармашты.

Буга чейин Токмок ШИИБге эки жаран алдамчылык фактысы боюнча арыз менен кайрылып, Ж.М.га кыймылсыз мүлктү менчик ээси катары сатууга чара көрүүнү суранышкан. Жарандардын ишенимине кирип, бүтүмдөрдү жасап, акча алган.


Бул факты Токмок ШИИБнин КЖБРине Кылмыш-жаза кодексинин 209 (Алдамчылык) беренеси менен катталган.

Бул тууралуу Чүй облустук ИИББнын басма сөз кызматы билдирди
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх