Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ошто зордукталганын билдирген кыз жалган көрсөтмө бергени үчүн камакка алынды

Буга чейин Сузак районунун 19 жаштагы тургуну мурдагы милиция кызматкери тарабынан кордук көргөнүн билдирген

Ош шаардык соту Сузак районунун 19 жаштагы тургунуна карата ишти карады. Ал жалган көрсөтмө берген деп айыпталууда. Кыз 17-февралга чейин камакка алынган. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, 2021-жылдын октябрь айында түнкү клубда бир кыз мурдагы укук коргоо кызматкери менен таанышкан. Кийинчерээк алар жергиликтүү мейманканалардын бирине чогуу барышкан, анын айтымында, ал зордукталган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызга зордук-зомбулук көрсөтүлбөгөнүн аныктаган. Ал жалган көрсөтмө бергени үчүн камакка алынган.

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх