Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткен облусунун чек ара аймактарынан 11 миңден ашуун жаран эвакуацияланды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кыргызстандыктар дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, бардык керектүү каражаттар менен камсыздалган

Баткен облусунун чек ара аймактарынан 11 миң 52 жаран эвакуацияланды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, анын ичинен 10 миң 410 адам коопсуз аймакка, 642 адам убактылуу жашоочу жайга көчүрүлгөн.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Орто-Баз, Жака-Орук, Үч-Дөбө, Ак-Татар, Самаркандек, Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынын 6 миңге жакын тургуну убактылуу көчүрүлгөн.

Ал арада Лейлек районунун Максат айылынан 400 адам Маргун айылына, Интернационал айылынан 1000ге жакын адам Кайрагач айылына көчүрүлгөн.

Мурза-Пача, Сада, Ак-Арык жана И.Раззаков айылдарынын жергиликтүү тургундары да Исфана жана Сүлүктү шаарларына эвакуацияланган.

Мындан тышкары Самаркандек жана Ак-Татыр айылдарынын 1000ге жакын тургуну Лейлек, Кара-Суу жана Ак-Терек айылдарына үйлөргө жайгаштырылды.

Маалым болгондой, учурда эвакуацияланган жарандар дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, бардык керектүү каражаттар менен камсыздалган.

Канышай Балкыбекова
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх