Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тоолуу жолдордо жааган кардан улам кар көчкү түшүшү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларды коопсуз аралыкты сактоого чакырат

Аба ырайынын начарлашына байланыштуу тоолуу жолдордо кар көчкү түшүшү мүмкүн. Мындай эскертүүнү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берди.

Анын айтымында, Кыргызстандын тоолуу аймактарында Бишкек – Ош унаа жолдорунда – Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, ошондой эле Ала-Бука – Каныш-Кыя, Красная Горка – Ак-Таш автожолдорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн, жолдор тайгак болот.

Айдоочулар кар көчкү түшкөн аймактардан өтүүдө унаалардын ортосундагы 500 метрден кем эмес аралыкты так сактоого чакырат.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх