Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ала-Бука районунда мал чарбачылыгын өнүктүрүү демилгесин тоо-кен ишканалары колдошту

Райондун тургундары 50 миң сомдон 700 миң сомго чейин насыя алышат

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы кен иштетүүчү ишканалар жергиликтүү тургундарга жеңилдетилген насыя берүү үчүн каражат бөлүштү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Райондун тургундары 50 миң сомдон 700 миң сомго чейин насыя ала алышат. Тоо-кен ишканалары тарабынан бөлүнгөн жалпы сумма 70 миллион сомду түзөт. Насыялар «Айыл Банк» аркылуу берилет.

Бардык категориялар үчүн насыяны төлөө алты айга жылдырылат. Насыянын мөөнөтү үч жылга чейин.

Долбоордун негизги максаты – райондо асыл тукум мал чарбачылыгын, анын ичинде сүт багытындагы бодо малды өнүктүрүү. Быйыл суткасына 100 тонна сүттү кайра иштетүүчү цех ачуу пландалууда.

Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх