Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Синоптиктер Кыргызстанда апта аягына чейин кар жаай турганын айтышууда

Нөшөрлөгөн жаандан тышкары температуранын төмөндөшү күтүлүүдө

9-15-февраль күндөрү Кыргызстандын бардык аймагында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Мындай божомолду Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматы таратты.

9-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Жолдор кар болуп, муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

10-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаайт.

10-февралда күндүз жана 11-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

12-февралда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. 13-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаайт.

13-февралда күндүз, 14-февралда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

14-февралда күндүз жана 15-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаайт.

15-февралда күндүз кээ бир райондордо кар жаайт.

Жолдор кар болуп, муз тоңот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12-февралда күндүз жана 14-февралда кээ бир райондордо ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Кыргызстанда 16-17-февралга карата болжолдуу аба ырайы

16-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

17-февралда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жаан-чачынсыз бир күн.
Абанын температурасынын төмөндөшү күтүлөт.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх