Кыргызстанда 10-февралга карата COVID-19 жана пневмония жуккан 107 жаңы учур катталды
Инфекциянын кесепетинен төрт адам каза болду
Акыркы суткада COVID-19 жана коомчулуктан пайда болгон пневмониянын 107 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Бишкек - 44
Ош - 1
Чүй облусу – 43
Ош облусу – 1
Талас облусу – 0
Нарын облусу – 1
Ысык-Көл облусу – 12
Жалал-Абад облусу – 2
Баткен облусу – 3
Бардык мезгил үчүн - 199 821
Бишкекте инфекциядан үч адам, Чүй облусунда бир адам каза болду.
Ооруканаларда 653 адам, амбулатордук дарылоодо 2738 адам жатат. 279 адам айыгып чыкты.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз