Кыргызстанда 11-февралга карата COVID-19 инфекциясынын жаңы 69 учуру катталды
Инфекциянын кесепетинен үч адам каза болду
Акыркы суткада COVID-19 инфекциясынын 69 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Бишкек - 31
Чүй облусу – 16
Талас облусу – 3
Ысык-Көл облусу – 10
Жалал-Абад облусу – 5
Баткен облусу – 4
Ош шаарында, Ош жана Нарын облустарында COVID-19 инфекциясынын жаңы учуру катталган жок.
Акыркы сутка ичинде инфекциянын кесепетинен үч адам каза болду.
фото vesti.kg
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз