Кыргызстанда 9-мартка карата COVID-19 инфекциясынын жаңы 13 учуру катталды
Бир өлүм катталган
Кыргызстанда 9-мартка карата COVID-19 инфекциясынын жаңы 13 учуру катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Алсак, Бишкек шаарында – 12, Жалал-Абад облусунда – 1.
Бир өлүм катталган. Оорулуу эмдөөдөн өткөн эмес.
Жалпысынан, пандемиянын бүткүл мезгилинде, расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда коронавирустан 2969 адам каза болду.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз