Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Казакстандан келген гуманитардык жардам Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого жардам берет

Экс-айыл чарба министри Кыргызстанда дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү эки эседен кем эмес жогорулайт деп эсептейт

Казакстандын үрөндүк буудай түрүндөгү гуманитардык жардамы кыргызстандык дыйкандарга келечекте дан эгиндерин кеминде эки эсе көп жыйнап алууга шарт түзөт. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына экс-айыл чарба министри Төрөгул Беков билдирди.

«Өткөн жылы дыйкандар 1 гектар буудайдан 17-19 центнерден гана түшүм алышкан», - деди ал. «Бирок мурда үрөн фонду жакшы болгондо дыйкандар 60-70 центнерден жыйнашчу. Азыр коңшулаш республикадан сапаттуу үрөн алганыбыз менен шарты ыңгайсыз, багуу начар болсо дагы түшүмдүүлүк 35 центнерден кем эмес көтөрүлөт.

Төрөгул Ниязович кошумчалагандай, бир гектарга 200 килограммдай буудай керектелет.

Башкача айтканда, түшкөн гуманитардык жардамдан 5 миң гектарга себүүгө болот», - деп түшүндүрдү ал. -Бир-эки жылдан кийин сапаттуу буудай эгилген талаалардын саны бир нече эсеге көбөйөт. Ушундай жол менен биз мамлекеттик материалдык резервибизди, азык-түлүк менен камсыздай алабыз. Биздин кошуналардын мындай жардамына баа берүү кыйын. Бул абдан маанилүү маселе. Акыры биздин өлкөдө үрөн фонду жаңылана баштайт. Дегеле ушундай оор мезгилде элдер биригип, бири-бирине жардам берип, социалдык-экономикалык маселелерди биргелешип түзүп, биргелешип чечиши керек.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg сайты бүгүн Бишкекте 2021-жылдын түшүмүн 1000 тонна өлчөмүндөгү казак тектүү буудайдын элиталык үрөнү (Карабалыкская-20 сорту) түрүндөгү кезектеги гуманитардык жардамды тапшыруу аземи болгонун билдирген.

Белгиленгендей, иш-чара Казакстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын президенттери Касым-Жомарт Токаев менен Садыр Жапаровдун мурда жетишилген макулдашууларынын алкагында өттү.

Маалымдалгандай, гуманитардык жардам кыргызстандык дыйкандарга келечектеги түшүмдүн сапатын жакшыртууга багытталган.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх