Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жамгыр жана суук аба ырайы. 20-мартка чейинки аба ырайы

Өлкөнүн айрым аймактарында кар жаашы мүмкүн

Синоптиктердин кабарлоосуна караганда, Кыргызстанда туруксуз аба ырайы 20-мартка чейин сакталат.

Маалым болгондой, 14-20-мартта кээ бир райондордо абанын температурасы төмөндөшү күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу автожолдордо кар жаайт. Тоолуу жолдордо тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

12-20-мартта жаан-чачынга жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) , Ала-Бука - Каныш-Кыя (Чапчыма ашуусу) 70-75-чакырым, 86-101-чакырым, Красная-Горка - Ак-Таш, 1-4-чакырым, Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу, 55-107-чакырым, Казарман- Актал-Чат, 42-44-чакырымдары (Ийри-Суу тилкеси), 60-94-чакырымдары (Кара-Гоо ашуусу) жана Каракол-Эңилчек, 45-48-чакырымдары, 65-90-чакырымдарында кар көчкү, жолдор тайгалак болушу күтүлүүдө. Автомобиль жолдорунда кар көчкү коркунучу бар аймактардан өтүүдө унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоо зарыл.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх