Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жаштар арасында бокс боюнча Алмаз Орозбеков Азия чемпиону болду

Бул Кыргызстандын чогулткан алтынчы медалы

Кыргызстандык спортчу Алмаз Орозбеков жаштар арасында бокс боюнча Азия чемпиону болду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Маданият министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, кыргызстандык 60 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан.

Финалдык беттеште Орозбеков Тажикстандын спортчусу менен беттешип, 3:2 эсебинде жеңишке жетти.

Белгилей кетсек, бул жаштар арасында Иорданияда өткөн бокс боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын карамагындагы алтынчы медаль.

Буга чейин күмүш медалдарды: Бекзат Эргешов (48 кг), Акжол Асылбек уулу (57 кг), Санжар Теңизбеков (86 кг) тагынышкан. Коло: Арген Бактыбеков (92 кг) жана Жодар Сапарбеков (92 кг жогору).

Канышай Балкыбекова
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх