Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин Москва көчөсүндө канализация кудугу урап түштү

Мэрия коомдук транспорттун каттамын убактылуу өзгөрттү

Бишкектин Москва көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде жолдун жээгинде 5 метр тереңдиктеги канализациялык кудук иштен чыкты. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын тобу урап кетүүнүн себептерин иликтеп, көйгөйдү жоюу иштерин жүргүзүүдө.

"Ошол себептен, аталган участкада саат 10.00дөн баштап №8 жана 9-троллейбустук каттамдардын иши убактылуу токтотулду. №7 троллейбустук каттамдын схемасы (Тунгуч кичи району - Эт комбинаты) да жарым-жартылай өзгөртүлдү", - деп билдирди мэриядан.

Шаар жетекчилиги айдоочуларды жолдун бул тилкесинде этият болууга чакырат. Мүмкүн болсо, альтернативдүү жолду колдонуу сунушталат.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх