Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ветеринарлар ЖКдан малды идентификациялоого байланышкан көйгөйлөрдү чечүүнү суранышууда

Дыйкандардын мал доктурларга болгон карызы айрым аймактарда жүз миңдеген сомго жетет

Республикалык ветеринарлар ассоциациясы (РВА) жаныбарларды идентификациялоодогу көйгөйлөрдү чечүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кайрылды. Ал уюштуруу иштериндеги кемчиликтер жеке ветеринарлардын ишинде байкалат деп эсептейт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ветеринар элдин кызмат акысын төлөгүсү келбегендигине, айыл өкмөттүн мал ээлерин мобилизациялоого жана маалымат иштерин жүргүзүүгө кудурети жетпегенине, ветеринардык дары-дармектердин жетишсиздигине жана ветеринардык күбөлүктөрү жок иштөө. Бул көйгөйлөрдүн баары идентификацияны кыйындатат.

РАВ билдиргендей, көптөгөн ветеринарлар кызматты насыяга аткарууга аргасыз болушат, анткени үй жаныбарларынын ээлери биркаларды жана чиптерди төлөй алышпайт же идентификацияга такыр кызыкдар эмес. Айрым айыл аймактарда дыйкандардын мал доктурларга болгон карызы жүз миңдеген сомго жеткен.

Ош облусунун Кара-Суу ветеринардык ассоциациясынын жетекчиси Рыспек Маткасымовдун айтымында, облус боюнча калктын биркага болгон карызы 1 миллион 300 миң сомду, чипсы үчүн 500 миң сомду түздү.

Ошол эле учурда ветеринарлар алган биркалары жана чиптери үчүн мамлекетке өз каражаттарынын эсебинен отчет берүүгө аргасыз болуп, аларды финансылык оор абалга алып келет.

Ветеринардык дарыгерлердин айтымында, ветеринардык кызматтын алдындагы материалдык жоопкерчилик аларды мал ээлеринин үймө-үй кыдырууга – көрсөткөн кызматы үчүн кайыр сурап, бирка менен чипка төлөөгө мажбурлайт. Бул  жумуштар убакытты алып- негизги милдеттерди аткаруу үчүн эмдөө, алдын алуу жана жаныбарларды дарылоого убакыт азаят.

Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы
Сүрөт Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх