Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда бүгүн калкты каттоо башталат

"Манас" аэропортунан чет өлкөгө учуп кетип жаткан кыргызстандыктар биринчилерден болуп процедурадан өтүштү

Бүгүн Кыргызстанда калкты жана турак жай фондун каттоо башталды.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, бүгүн саат 00.00дө “Манас” жана “Ош” эл аралык аэропортторунда Кыргыз Республикасынын калкын жана турак жай фондун 2022-жылга карата каттоо старт алды.
“Манас” жана “Ош” аэропортторунда турган адамдарды санак башка өлкөлөргө кетээр алдында убактылуу эл каттоо кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн.

Чет өлкөгө чыккандар жети суроодон турган атайын бланка боюнча эсепке алынат.

Улуттук статистикалык комитет “Манас” эл аралык аэропортунда биринчи респонденттерге эстелик белектерди тапшырды.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх