Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте сугат мезгили башталды

Арык суулары «Ынтымак», Ататүрк атындагы жана Д.Асанов атындагы Жеңиш сейил бактарына кирди

Бишкекте сугат мезгили башталды.

Борбор калаанын мэриясынан билдиришкендей, быйыл жер кыртышындагы нымдуулукту мүмкүн болушунча сактоо максатында өсүмдүктөрдү сугаруу эрте башталды. Бул ысык аба ырайында көчөттөрдүн абалына жакшы таасир этээри белгиленет.


Таң эрте Жогорку Транзит жана Белек каналдарынан быйылкы жылдын биринчи арык суусу сейил бактарга келди. «Ынтымак», Ататүрк атындагы жана Д.Асанов атындагы Жеңиш сейил бактарына секундасына 500 литр суу кирген.

Сугаруу - өсүмдүк кам көрүүнүн негизги элементтеринин бири. Кургакчылыкка эң чыдамдуу түрдү тандап алууда да сугаруусуз болбойт», - деп белгилешти муниципалитет.

Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх