Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Быйыл 7-апрель эс алуу күнү бойдон калат

Бирок май майрамдары боюнча азырынча эч кандай чечимдер жок

Быйыл 7-апрель Кыргызстанда дем алыш күн катары калды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

«Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, 7-апрель - Элдик Апрель революциясы күнү Кыргызстанда жумуш эмес майрам күнү болуп саналат», - деп белгилешти ведомстводон.

Бирок, министрлик май айындагы майрамдардын маселеси азырынча чечиле электигин кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин министрлер кабинети Ата Мекенди коргоочулар күнүн (23-февраль), Апрель революциясы күнүн (7-апрель) жана Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүн (7-8-ноябрь) майрамдоону жокко чыгарууну сунуштаган. Ошондой эле, министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров 1-майдан 9-майга чейин иш эмес күндөрдү жарыялоону сунуштады. Андан кийин ал май майрамдарын жылдыруу боюнча акыркы чечим 2022-жылдын биринчи кварталында кабыл алынарын белгиледи.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх