Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эмгек министрлиги Кызыл Жарым Ай коому менен кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүүнү көздөөдө

Кудайберген Базарбаев гуманитардык уюмдун өкүлдөрү менен жолугушту

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Бишкекте Бириккен Араб Эмираттарынын Кызыл Жарым Ай коомунун өкүлдөрү, ошондой эле жардам көрсөтүү жана табигый кырсыктарга даярдык департаментинин директору Обейд Рахмат Аль Балуши менен жолугушту. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Кудайберген Базарбаев конокторго ведомствонун ишмердүүлүгү тууралуу кеңири айтып, калктын аз камсыз болгон катмарына жардам көрсөтүү, жакырчылык менен күрөшүү боюнча активдүү иш-чаралар, социалдык объектилерди куруу боюнча бир катар долбоорлор боюнча тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирди.

Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому 1926-жылдан бери иштеп келе жатат жана өлкөдөгү эң байыркы гуманитардык уюм болуп саналат.

Базарбаев жана Кызыл Жарым Ай коомунун өкүлдөрү өнөктөштүктү өнүктүрүү жана аны жаңы деңгээлге көтөрүү чечимине келишти.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх