Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте жылуулук качан өчүрүлөөрү белгилүү болду

Буйрукка борбор калаанын мэри жакынкы аралыкта кол коёт

4-апрелден тарта Бишкекте жылуулук өчүрүлөт. Мындай чечим вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жетектеген күз-кыш мезгилин өткөрүү боюнча ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынды.

Гидрометеорология кызматынын департаментинин маалыматы боюнча, 31-марттан баштап абанын орточо суткалык температурасынын жогорулашы күтүлүп, абанын температурасынын кескин төмөндөшү күтүлбөйт.

Эске салсак, бекитилген критерийлерге ылайык, көчөдө абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен +8 градустан жогору болгондо керектөөчүлөр жылуулуктан өчүрүлөт.

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров шаардагы 2021-2022-жылдардагы жылытуу мезгилин жакынкы аралыкта аяктоо боюнча буйрукка кол коет.

Маалымдама номерлери

«Бишкекжылуулукэнерго» КП: 0 (312) 21-28-47, 21-28-44;

«Бишкектеплосеть» ААК: 0 (312) 61-11-69 - керектөөчүлөрдү колдоо борбору; 36-57-19, 30-07-67 — Центральный райондун дежур инженерлери; 51-06-22, 21-74-06 - Түштүк аймагынын нөөмөт инженери; 56-85-58 - диспетчердик кызмат.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх